Киевдин "кара тизмесине" Кудрин менен Чубайс кошулду

Алексей Кудрин жана Анатолий Чубайс.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын 147 жаранын жана 303 ишканасын "кара тизмеге" киргизүү тууралуу Улуттук коопсуздук кеңешинин чечимин жактырды. Санкциялык тизмеге Орусиянын мурдагы финансы министри, учурда "Яндекстин" корпоративдик өнүгүү боюнча кеңешчиси Алексей Кудрин жана "Роснано" ишканасынын мурдагы жетекчиси Анатолий Чубайс да киргизилген. Ал Украинага согуш ачылгандан кийин Орусиядан кеткен.

Тизмеде ошондой эле баш прокурор Юрий Чайканын уулдары - Артем менен Игорь, Краснояр крайынын экс-губернатору Александр Усстун уулу Артем, ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов, "Центр" аскер тобунун командачысы Андрей Мордвичёв, Ставрополдун губернатору Владимир Владимиров, РАНдын академиги Борис Алёшин бар. Булардан тышкары орусиялык ишкер Алишер Усмановдун USM ишканасынын менеджерлери Назим Эфендиев, Вахтанг Кочаров жана Валерий Казикаев да Украинага кирүү укугунан ажыратылды.

Кара тизмеге авиация, курулуш жана технология ишканаларынын, анын ичинде энергетикалык компаниялардын, Орусиянын көзөмөлүндөгү Донецкиде жайгашкан А.Ф. Засядько атындагы шахта, Бириккен араб эмирликтери, Өзбекстан, Кипр, Түркия, Кытай жана Мальтадагы бир катар ишканалар кирген.

Орус президенти Владимир Путиндин жакын адамдары саналган Алексей Кудрин менен Анатолий Чубайс Украинадагы согуш тууралуу ачык пикир айтышкан эмес. 2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин ал президенттин атайын өкүлү кызматын тапшырып, Орусиядан чыгып кеткен. Бирок согушту сындаган ачык билдирүү кылган эмес. Кийинчерээк Путин анын өлкөдөн чыгып кеткенин "качты" деп билдирген жана аны "Моше Израилевич" деп атаган (Чубайс Израилге кеткен). Кудрин 2022-жылы декабрда Эсеп палатасынын башчылыгынан кеткен соң, "Яндексте" кеңешчи болуп калган. АКШ быйыл жайында ага каршы санкция салган. Европа өлкөлөрүнүн кара тизмесинде Чубайс жок.

Дагы караңыз

"Колу ириңдеп кеткен". Азаматтын өлүмү, медиктердин жоопкерчилиги"Заара чыкпай канга аралашат". Байкатпай жыккан бөйрөк оорусуГаза: Согушту токтотуу жараяны жумага жылдыБашкы прокуратура "Кумтөргө" байланыштуу козголгон иштер боюнча маалымат берди