Жогорку Кеңеш "Мунапыс берүү" тууралуу мыйзам долбоорун 3-окуудан кабыл алды

Баш мыйзамдын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте бүгүн, 23-ноябрда 3-окуудан кабыл алынды.

Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан адамдардын айрымдарына мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталган төмөнкү адамдар жаза өтөөдөн бошотулат:

- жашы 55тен жогорку аялдар жана жашы 60тан жогорку эркектер;
- I - II - топтогу майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, эки же андан ашык жашы жете элек же майыптыгы бар балалуулар;
- биринчи ирет соттолгондор, жалгыз бой энелер, көп балалуу аялдар;
- мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылга жетпеген жаза мөөнөтү калган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр.

Мыйзамдын автору жана демилгечиси - депутат Жусупбек Коргонбай уулунун маалымдашынча, жалпысынан 1986 адам тууралуу сөз болууда.

Жаза аткаруу кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат.(ZKo)

Дагы караңыз

"Бүтүн Кыргызстандын" эки мүчөсүнүн апелляциялык арызы Чүй облустук сотунда каралат"Эки жыл даярдандык, эми криминал болбойт". Өкмөт парламентте өзгөрүүлөрдү убада кылдыБалдар үйүнө он айда ата-энеси баш тарткан 14 наристе түшкөнКумтөрдөгү коррупция: Бөлтүрүк айыппул төлөп кутулду