Орусиянын Магадан облусунда мигранттарга такси жана автобус айдоого тыюу салынды

Таксинин айдоочусу жана кардары. Москва. 26-март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Магадан облусунда мигранттарга такси жана автобус айдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка 22-ноябрда аймак губернатору Сергей Носов кол койду. Ушуну менен Орусиянын тогузунчу аймагында мындай чектөөлөр киргизилди.

Маалыматка караганда, эмдиги жылдын 1-январынан тарта патент менен иштеген мигранттарга такси жана автобус айдаганга уруксат берилбейт. Ал эми буга чейин иштеп келген чет өлкөлүктөрдү транспорттук ишканалардын жетекчилери үч айдын ичинде жумуштан бошотушу керек.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, мындай кадамга полиция кызматкерлеринин арызы түрткү болгон. Алардын жүйөсүнө караганда, муну менен жол кырсыктарын азайтса болот. Облустун Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, быйыл чет өлкөлүктөрдөн айынан 40тай жол кырсыгы катталган, анын жыйынтыгында бир киши набыт болуп, ондогон адамдар жараат алган.

Жакында эле Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы “Справедливая Россия” фракциясынын миграция саясатынын жаңы концепциясын сунушташты. Анда административдик мыйзам бузган мигранттарды да өлкөдөн депортациялоо сунушу жазылган.

Документтин авторлору азыркы миграция саясатынын концепциясы абдан эскергендиктен, аны жаңылоо зарыл деген жүйө келтиришти.

Жаңы вариантта ар бир ишканада эмгектенгендердин беш пайызын гана мигранттар түзүшү керек. Андан тышкары чет жактан келгендерге мугалим, дарыгер, такси айдоочусу болуп иштегенге тыюу салынат.

Дагы караңыз

Ташиев “бандиттер топтолгон” “Ай-Пери” салону өкмөткө кайтарылып берилгенин айттыОрус армиясы Украинанын бир катар аймактарын түнү менен аткылады Акылбек Жапаров темир жол долбоору үчүн каржы булагы каралып жатканын билдирди