Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

Акылбек Жапаров темир жол долбоору үчүн каржы булагы каралып жатканын билдирди


Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталары күтүлүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, учурда долбоордун каржы маселеси чечилип жатканына токтолду.

“Биз азыр акчаны издеп жатабыз. Камбар-Ата – 1 ГЭСин курууга 500 миллион долларды таптык. Кытай темир жолду Казарманга чейин өзү курам деп, учурда салып келет. Казармандан Жалал-Абадга чейинки жол үчүн азыр Өзбекстан менен бирге акчанын булактары аныкталып жатат”, - деди Жапаров.

Темир жол долбоору Кыргызстан үчүн маанилүү экенин президент Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапары учурунда жергиликтүү телеканалга курган маегинде айтып, бул аркылуу өлкө деңизге чыгууга мүмкүндүк аларын белгилеген.

Ушул жылдын май айында президент Жапаров Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде темир жол курууну сөз кылган. Аны ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин билдирген.

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш. Бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Кыргыз өкмөтү долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгонун, учурда каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын октябрда билдирген.

XS
SM
MD
LG