Нидерланддагы шайлоодо ашынган оңчулдардын партиясы алдыга чыкты

Нидерланддагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Герт Вилдерс башында турган ашынган оңчулдардын "Эркиндик" партиясы алдыга озуп чыкты. Бул тууралуу NOS телеканалы кабарлады.

Добуштардын 98% эсептегенден кийинки жыйынтыктарга караганда, "Эркиндик" партиясы парламенттеги 150 орундун 37сине ээ болду. Еврокомиссиянын мурдагы вице-президенти Франс Тиммерманс жетектеген жашылдар менен лейбористтерден турган блок 25 орунга, ал эми азыркы өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Марк Рюттенин "Эркиндик жана демократия" партиясы 25 орунга ээ болору кабарланууда.

Быйыл жайда Нидерланддардын өкмөт иммиграцияны чектөө боюнча макулдашуунун айынан таркаган. Андан бери өлкөнү убактылуу өкмөт башкарып жаткан. 2010-жылдан бери Нидерланддардын премьер-министри болуп келген Марк Рютте саясаттан кетүү ниети бардыгын айткан.

Алдыга чыккан "Эркиндик" партиясы евроскептикалык, улутчул, мигранттарга жана исламга каршы позициясы менен белгилүү.

2016-жылы марокколуктарды “таштандыга” теңеген партия башчысы Вилдерс шайлоо өнөктүгүнүн маалында өз көз караштарын жумшартуу аракетин көрдү.

Ошондой эле буга чейин Вилдерс Нидерланддар Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү токтотуш керек деген сыяктуу билдирүүлөрдү дагы жасап келген.

Дагы караңыз

Ташиев “бандиттер топтолгон” “Ай-Пери” салону өкмөткө кайтарылып берилгенин айттыОрус армиясы Украинанын бир катар аймактарын түнү менен аткылады Акылбек Жапаров темир жол долбоору үчүн каржы булагы каралып жатканын билдирди