Бөлтүрүк 800 миң сом айыпка жыгылды
21-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга айыпталган Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айыппул салды. Өкүмдү судья Ильязбек Тажибаев окуду.
“Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу Кылмыш жаза кодексинин 247 беренеси менен (“Ачык соодалашуу, аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды (сатып алууларды) өткөрүүнүн тартибин бузуу”) 18 эпизод боюнча күнөөлүү деп табылып, ага жараша жаза чегерилсин. Жаза катары 80 миң эсептик көрсөткүч боюнча айыппул салуу, башкача айтканда 800 миң сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлсүн”, - деди судья.
Ошондой эле сот чечими менен Бөлтүрүктү үй камагына алган бөгөт чарасы жокко чыгарылып, анын банк эсептери камактан бошотулду. Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 млн сом "Кумтөр" ишканасына кайтарылмай болду. Бөлтүрүк сот чечими боюнча комментарий бере элек.
Ал акыркы сот жараянында судьяга кайрылып, үй-бүлөсүн багуу үчүн мурда сот камакка алган мүлкүн бошотууну суранган болчу. Ошентип, тараптардан апелляциялык арыз берилбесе, Биринчи май райондук сотунун чечими отуз күндөн кийин күчүнө кирет.
Дагы караңыз
Кумтөр иши: Токтогулов менен Фронтбек кызына сот чечими чыкканы маалым болдуБөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” ири коррупцияга байланыштуу 2022-жылы сентябрда камалган. 2023-жылы апрель айында Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган.
Миллиондорго айыпталган Бөлтүрүк
2023-жылы февралда Эсеп палатасы Тенгиз Бөлтүрүк башкарып турган “Кумтөр Голд" компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз короткону жөнүндө кенен отчет жарыялаган.
Жүз барактан турган баяндамада оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор эсептелип, тыйынына чейин жазылган. Маселен, анда “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмеректер үчүн эле 179 млн. 700 миң сом коротулган. Бөлтүрүк бул айыптарды четке каккан.
Башкы прокуратура кылмыш ишинин алкагында жалпы “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилген деп билдирген. Башкы көзөмөл орган кийин чыгымдын 844 млн 512 миң 858 сому өндүрүлгөнүн жарыялаган. Бирок айыпталгандардын кимиси, канча каражат төккөнү ачыкталган эмес. Анын 10 млн. сомун Бөлтүрүк төгүп бергенин журналисттер жазып чыгышкан.
Журналист Турат Акимов ири коррупцияга айыпталган Бөлтүрүккө карата сот чечими бийликтин жемкорлукка каршы күрөшүнө көлөккө түшүрөт деген пикирде.
“Саясий чечим болду. Миллиардды уурдаган болсо миллион менен кутулуп кетти. Анда миллиардды санаган аудитор, прокурорлорду камаш керек. Алар жөн эле бир кишиге миллиард илип коюштубу? Мындай иш кылган уят”, - деди Акимов.
Ал арада Тенгиз Бөлтүрүккө соттун 800 миң сом айып салганы боюнча баш прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева түшүндүрмө берди. Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында депутат Улукбек Ормонов Бөлтүрүктүн иши боюнча сот чечими коомчулукта талкууланып жатканын айтып, суроо узатты.
Конкубаева Бөлтүрүккө 800 миң сом айып анын жасаган кылмышы үчүн жаза катары салынганын билдирди.
“Ага коюлган беренедеги эң жогорку жаза колдонулду. Алдын ала тергөө убагында 880 миллион зыян аныкталып, 862 миллион сому ордуна коюлган. Бул анын жасаган кылмышы үчүн жаза катары эсептелинет. Бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына бир аз туура эмес маалымат кетип калды”, - деди Конкубаева.
Дагы караңыз
Кумтөр иши: Айыпталуучулар төккөн акча кайда?"Кактус медиа" булактарына таянып, камакка алынган учурда Бөлтүрүк аз гана убакыт атайын кызматтын тергөө абагында кармалып, калган бөлүгүн жеке ооруканада жатканын жазып чыккан эле.
Бөлтүрүктүн талаштуу таржымалы
Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасын Кыргызстанга алууга катышкан негизги адамдардын бири болгон. 2021-жылы ишканага тышкы башкаруучу, 2022-жылы "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин жетектеп калган. Бул холдингди түзүү учурунда бюджеттен 100 миллион сом уставдык капиталы үчүн бөлүнгөн. Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.
Бирок Бөлтүрүк камалып, бир топ долбоорлор токтогон соң өкмөт бул холдингди жойгон. "Кумтөр" ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасына” былтыр алты айда 1 миллион 908 миң доллар жумшаганы ачыкка чыккан. Каражаттын 1 млн. 731 миң доллары кызматкерлердин (1 млн. 148 миң долларды чет өлкөлүк кызматкерлер алган) айлыгына кеткен.
Мамлекеттин акчасын түзүлүп, "туулбай жатып туна чөккөн" холдингдин окуясы парламент депутаттарынын кескин сынына кабылган. Коомчулук өлкөдөгү кирешелүү негизги кендин каржылык ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлдөөнү талап кылып келет. Март айында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Кумтөрдөгү алтын өндүрүшүнөн эмес, кендеги кызмат көрсөтүүлөрдөн акча уурдалганын айткан.
Дагы караңыз
"Кумтөрдүн" акчасы: экс-министрдин уулу кармалдыКумтөрдүн өндүрүшү азаябы?
Отуз жылга жакын чет өлкөлүктөр иштетип келген Кумтөр кенин Кыргызстанга алуу, азыркы бийликтин негизги жетишкендиктеринин бири катары айтылат. Андыктан кендеги өндүрүш, алтын сатуу, анын кирешеси дайыма коомчулуктун, айрыкча оппозициянын көз кырында турат.
20-октябрдагы каржы министри Алмаз Бакетаевдин маалыматына ылайык, Кумтөр алтын кенинен быйыл тогуз айда Кыргызстан жалпы 20 млрд 489 млн сом пайда көрдү. Ал эми 2022-жылы Кумтөрдөн 34 млрд 751 млн сом түшкөнү айтылган.
20-ноябрда парламенттин тармактык комитетинде депутат Айсара Абдибаева казынага тыгынчык болуп жаткан Кумтөрдүн кирешеси алдыдагы жылдарда эмнеге азайып баратканына кызыкты.
“Кумтөргө токтолсом. 2023-жылы 12 млрд 420 млн сом, 2024-жылы 11 млрд 509 млн сом, 2025-2026-жылдарга 11 млрддын тегерегинде киреше болуп жатат. Эмне үчүн Кумтөр азайып жатат?, - деп суроо салды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда Кумтөрдө алтын аз өндүрүлгөн жерге келгенин билдирди.
“Канадалыктар мурда коюп кеткен сандар такталбай жатат. Буюрса 2025-жылдын орто ченинен баштап оңоло баштайбыз. 2026-жылы толугу менен калдык сактоочу жайды иштетип, жылына беш тоннадан ала баштайбыз. Азыр алтын аз чыккан жерине келип, жылына 14 тоннадан алып жатабыз. Мурда 17 тоннадан алып жатканбыз. Геологияда деген ушундай болот экен. Азыр геологиялык чалгындоолорго акчасын бөлүп берип, көбөйтүп жатабыз”, - деди Жапаров.
Дагы караңыз
Кумтөр: Көбөйгөн чыгым жана жаңы кенАйрым адистер жыл сайын өндүрүлгөн алтындын көлөмү мурдагы жылдардан азайып жүрүп отурарын айтып келишет. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева алдыңкы жылдары Кумтөрдү иштетүү оор болот деген пикирлерге кошулат. Ошондой эле Иманкожоева калдык сактоочу жайдагы алтынды алуу алда канча оор экенине токтолду.
“Биз билген эмеспиз, Канадалыктар ушундай деген" сөздү бийлик айтпашы керек. Анткени, буга чейин эле эколог, эксперттер ушул өкмөткө алдыда кандай болот, кесепеттери жөнүндө айтканбыз. Калдыктан алтынды алуу үчүн бир канча жолу маселе көтөрүлүп, ишканалар дагы келген. Аларды иштетүү абдан оор жана технологиясы кыйын экен. Алган алтындан дагы чыгашасы көп болуп калат”, - деди Иманкожоева.
Буга чейинки 2012-жылкы геологиялык чалгындоодо Кумтөр кенинин иши 2026-жылга чейин эле уланмак. Бирок, кийин кайрадан чалгындоо жүргүзүлүп алтын 2031-2032-жылдарга чейин казса болору айтылган. Айрым серепчилер калдык сактоочу жайлар кайрадан иштетиле турган болсо, кендин өмүрү дагы 10-20 жылга узарышы мүмкүн экенин айтышат.