Никополдо орус армиясынын соккусунан эки киши жарадар болду

Никополь шаары. 10-октябрь 2023-жыл

Днепропетровск облусунун администрация башчысы Сергей Лысак орус армиясынын аткылоосунан Никопол шаарында эки киши жарадар болгонун билдирди.

"Кечээтен бери оккупанттар Никополду төрт жолу оор артиллериядан аткылашты. Райондун борборунда 61 жана 37 жаштагы эки эркек киши жарадар болду. Жети жер там, гараж, газ түтүгү жана бир автоунаа зыян тартты. 1200 түтүн электр жарыгысыз калды", - деп жазды Лысак 22-ноябрда Телеграм-каналына.

Анын айтымында, орус аскерлери Марганец деген жерди да аткылашты. Ал жерде эч ким жабыр тарткан жок.

Орус куралдуу күчтөрү Украинанын калк жашаган айыл-кыштактарына, шаарларына пилотсуз учактардан, ракеталардан, артиллериядан сокку уруп келет. Далилдер барына карабай, Москва аскердик жайларды гана бутага алганын айтууда.

Шаршембиде украин армиясынын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 21-ноябрдын кечинде жана түн ичинде орусиялык аскерлер 14 Shahed дрону менен чабуул койгонун, бардыгы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ту22М3 учагынан Х-22 канаттуу ракетасы учурулганы, ал Запорожье облусуна кулаганы жана инфраструктурага зыян келтирилгени маалымдалды.

Ал тапта Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу аскерлери оккупацияланган Крымдын үстүндө украиналык үч дронду жана жарым аралга бет алган төрт деңиз дронун жок кылышканын билдирди

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

Согуш майданында акыркы 24 саатта 48 кармаш жүргөнүн украин аскерлерине шилтеме кылып, “Азаттыктын” украин кызматы жазды.

Дагы караңыз

Ак үй "вагнерчилер" "Хезболла" тобуна абадан коргонуу системасын берүүнү көздөгөнүн билдирди"Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрүнө электромобилдер тапшырылды Ноокаттын акими кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди