Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:04

Ак үй "вагнерчилер" "Хезболла" тобуна абадан коргонуу системасын берүүнү көздөгөнүн билдирди


Орусиялык "Панцирь" зениттик-ракеталык комплекс (оңдо). Архивдик сүрөт
Орусиялык "Панцирь" зениттик-ракеталык комплекс (оңдо). Архивдик сүрөт

АКШ администрациясы чалгын кызматынын жакында ачыкка чыккан маалыматын жарыялады.

Ага ылайык, Орусиянын "Вагнер" менчик аскердик компаниясы ливандык "Хезболла" уюмуна же аны менен байланыштагы Иранга абадан коргонуу системасын өткөрүп берүүгө даярдык көргөн.

Бул тууралуу CNN телеканалы Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирбиге шилтеме берип кабарлады. Анын айтымында, "вагнерчилер" куралды орус өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен берүүгө даярданган. Москва бул билдирүүгө азырынча комментарий берген жок.

"Хезболла" АКШда террордук уюм деп таанылган.

Чалгынчылардын маалыматында ал система кайсы жерден берилиши керкетиги такталган эмес. Бирок октябрда америкалык телеканал "Вагнер" компаниясына Сириянын аймагынан шииттердин тобуна "Панцирь С-1" зениттик-ракеталык комплексти жеткирүү тапшырмасы берилгенин, ага сириялык президент Башар Асад макул болгонун кабарлаган.

Кирби Вашингтон "вагнерчилердин" "Хезболланы" же Иранды аскердик техника менен камсыздаганына жакындан байкоо саларын, терроризмге каршы аракеттердин алкагында керек болсо орусиялык уюмдарга же адамдарга санкция салуу караларын белгиледи.

АКШ буга чейин "Хезболлага" жана иранчыл башка топторго Газадагы согушка аралашпоону эскерткен.

Ноябрдын башында Мамлекеттик Думанын өкүлү Андрей Картаполов "Вагнер" жоюлганын, анын катарындагы согушкерлер башка топторго же армияга өтүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG