HRW: Исламды "кытайлаштыруунун" алкагында мечиттер жабылууда

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кытай өкмөтү эки провинцияда мечиттердин санын азайтып жатканын сындады.

22-ноябрдагы көлөмдүү докладында уюм Нинся жана Ганьсу аймактарында “мечиттердин консолидациясы” саясатынын алкагында жүргөн андай иштер дин тутуу эркиндигин бузарын белгиледи.

Маалыматка караганда, кытай бийлиги ал жерлерде мечиттерди жаап, сүрдүрүп же башка максаттарда пайдаланууга берүүдө. Мусулмандардын архитектуралык өзгөчөлүктөрү да жок кылынууда, мисалы мунаралары буздурулган мечиттер бар.

Укук коргоочулар муну ислам динин чектөө аракети деп сыпаттайт.

Докладда айтылгандай, “мечиттердин консолидациясы” тууралуу биринчи жолу 2018-жылы Коммунисттик партиянын документинде кеп болгон. Исламды "кытайлаштыруу” стратегиясынын алкагында мамлекеттик органдарга мусулмандардын диний жайларын курууну, реконструкциялоону жана кеңейтүүнү кабыл алынган стандарттарга ылайык жүргүзүү” тапшырмасы берилген. Андай башкаруу жаңы мечиттер салынбашы керек, түрттүрүлгөн мечиттер курулгандарга караганда көбүрөөк болууга тийиш деген принципке таянат.

HRW сөз болгон провинциялардагы шаар-кыштактардан чогултулган бир топ мисалдарды сүрөттөрдүн коштоосунда жарыялады.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет. Андай маалыматтар иликтөөлөргө, күбөлөрдүн айтып бергендерине негизделгени менен Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.

БУУ Бээжин бийлигинин Шинжаңдагы мусулман азчылыгына жасаган мамилеси "адамзатка каршы кылмышка" барабар болушу мүмкүн деп эскерткен.

Дагы караңыз

Никополдо орус армиясынын соккусунан эки киши жарадар болду Ак үй "вагнерчилер" "Хезболла" тобуна абадан коргонуу системасын берүүнү көздөгөнүн билдирди"Салык чек" лотереясынын жеңүүчүлөрүнө электромобилдер тапшырылды