Жапаров Минск шаарында өтө турган ЖККУ жыйынына катышат

ЖККУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) 23-ноябрда Беларустун борбору Минск шаарында өтө турган кезектеги жыйынына президент Садыр Жапаров баштаган делегация катышат. Бул тууралуу бүгүн 21-ноябрда президенттик администрациядан кабарлашты.

Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, сессия Беларус президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт:

“Президенттер эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, алдыда турган милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат”.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

2022-жылы Кыргызстан уюмдун Балыкчыдагы полигонунда пландалган кезектеги “Бузулбас боордоштук” аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан жана Тажикстанда, Харбмайдон полигонунда өткөн аскердик машыгууга катышкан эмес.

2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин аскердик агрессияга айыптаган. Көп өтпөй Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган жана "мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө" чакырган.

Беларуста 13 жылдан бери Кыргызстандын мурдагы президенти, мекенинде сыртынан соттолгон Курманбек Бакиев баш калкалап жүрөт. Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчүн Минск 2012-жылы расмий түрдө четке каккан. Буга байланыштуу эки өлкө ортосунда дипломатиялык алака үзгүлтүккө учурап, кийин кайра уланган. (RK)

Дагы караңыз

АКШ мыйзамсыз барган өзбек мигранттарын өткөрбөйтТөкмөлүк өнөрдү жаштарга өткөргөн алтын көпүрө Украина: Майданда жанган үмүттүн 10 жылы Диплому үчүн мандатынан ажыраган Исмаиловдун ордуна Төлөнов депутат болду