Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Диплому үчүн мандатынан ажыраган Исмаиловдун ордуна Төлөнов депутат болду


Чынберди Төлөнов.
Чынберди Төлөнов.

Диплом маселесинен улам мандатынан ажыраган Жогорку Кеңеш депутаты Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов депутат болду. Төлөнов «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп катталганын, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылганын бүгүн 21-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мекеме Исмаиловдун каттоосун жокко чыгаруу тууралуу токтом быйыл 6-июлда кабыл алынганын, соттук инстанциялар бул токтомдун мыйзамдуулугун таанып, күчүндө калтырганын, бош калган мандат «Ата-Журт Кыргызстан» тизмесинде катталган кийинки талапкерге өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Исмаиловдун мандат маселесине чекит коюлганын Жогорку Сот 30-октябрда маалымдаган.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Исмаиловдун жана "Альянс" фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

6-июлда БШК эки депутаттын мандатын алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес. Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы 20-сентябрда белгилүү болгон.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең диплому жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Алимжанов боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматка караганда, Чынберди Төлөнов 52 жашта, ал Ош облусунун Өзгөн районунун Кысык-Алма айылында туулган. Агроном, юрист адистиктери боюнча жогорку билим алган. 2019-2021-жылдары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын мамлекеттик имараттар департаменти ишканасынын директору болуп иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG