Украина Майдандын 10 жылдыгын – Ар-намыс жана эркиндик күнүн белгилеп жатат. Президент Владимир Зеленский украин эли мындан 10 жыл мурда Орусиянын таасирине, Европа менен болгон келечекке бөгөт коюну көздөгөн мыйзамсыздыкка каршы "контрчабуул жасаганын" айтты.
Украина Европага багыт алганын өлкө калкынын калың катмары колдогонун ошол кездеги социологиялык сурамжылоолор да айгинелейт. Украиндер Москва таңуулаган саясий, экономикалык жана энергетикалык көз карандылыктан качкан.
Бул датага арналган Киевдеги иш-чарага Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Молдованын президенти Майя Санду жана Германиянын коргоо министри Борис Писториус катышты. Алар Украинага жардам берүүнү жана өлкөнүн Еврошаркетке кошулуу маселесин талкуулап жатышат.
2013-жылы 21-ноябрда президент Виктор Янукович Евроинтеграция жөнүндө макулдашууга кол коюудан баш тартканда массалык нааразылык башталган. Үч айга созулган элдик толкундоолордон кийин Янукович Орусияга качып, Москва Крым жарым аралын аннексиялып алып, украин армиясы Донбасстагы орусиячыл жикчилдерге каршы согуштук аракеттерди баштаган.
Ал жактагы уруш Батыштын арачылыгына жана ок атууну токтотуу келишимине карабай 8 жылга созулуп, былтыр февралда Орусия жок жерден Украинага басып кирген.
Кремль 10 жыл мурда болгон окуяларды "Батыш каржылган төңкөрүш" деп сыпаттап келет.
Украинанын Улуттук эс тутум институтунун эсебинде Майдандагы күч органдары менен демонстранттар кагылышканда 107 кишинин өмүрү кыйылган.
Дагы караңыз
Сот Тенгиз Бөлтүрүктүн банк эсептерин камактан чыгарып, 800 миң сом айып пул салдыКыргызстанда рублдин наркы сомго теңдештиТоктогул ГЭСиндеги жоокердин өлүмүнө шектүү аскер кармалдыӨндүрүш Токтонасыровдун соту анын ден соолугуна байланыштуу жылды