Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында жасалма алкогол ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталганын маалымдады.
Ага ылайык, УКМК жана Финансы министрлигине караштуу Алкогол ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери 17-ноябрда "Береке универсал" соода борборунда күмөндүү акциздик маркалар менен чыгарылган алкоголдун ири партиясын алышкан.
УКМКнын басма сөз кызматы учурда кылмыш ишин козгоо үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров алкогол ичимдиктер рыногундагы өндүрүш төрт эсеге кыскарганын, бул жагдай тармактын көмүскө өндүрүшкө өтүп жатканын айгинелей турганын билдирген. (ZKo)
Дагы караңыз
Газадагы апаатты көргөн казактын, Тель-Авивдеги кыргыздын баяны Эмдетпөөнүн азабы. Кыргызстанда кызамык жайылып жатат Орусияда метадонго ууланган бир нече киши каза тапты АКШ Украинага аскердик жардам жана HIMARS системасын беретЖурналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты