Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Орусияда метадонго ууланган бир нече киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Астрахан шаарында кеминде үч адам жасалма баңгизат - метадонду ашкере пайдаланып каза болгонун ТАСС агенттиги билдирди. "Известия" басылмасына полициядагы булак төрт адам өлгөнүн айткан.

Метадонду ашыкча пайдаланган 20 чакты адам бир нече күн аралыгында Астрахандагы ооруканаларга кайрылган. Алты кишинин абалы оор экенин жергиликтүү саламаттык сактоо мекемелери дүйшөмбүнүн кечинде билдиришкен.

ТАСС менен "База" басылмасы тергөөгө шилтеме кылып, жабыркагандар метадонду мефедрон деп адашып пайдаланганы үчүн ууланганын маалымдады.

Полиция метадон сатууга шек саналып үч киши кармалганын билдирип, кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары экенин "Интерфакс" агенттиги жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG