Журналисттерди Коргоо комитети (CPJ) 19-ноябрда билдиргендей, Израил менен АКШ жана Европада террордук деп таанылган ХАМАСтын согушунда кеминде 48 журналист набыт болду. Маалыматка караганда, алардын 43ү палестин, төртөө израилдик жана бирөө ливандык журналисттер.
Андан тышкары маалымат каражаттарынын тогуз кызматкери жараат алып, 13ү камалып, үчөөнүн дайыны белгисиз экени белгиленген.
“Журналисттер кризис маалында маанилүү иш аткарып жаткан карапайым адамдар. Алар согушуп жаткан тараптардын бутасына айланбаш керек”,-деп билдирди уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча координатору Шериф Мансур.
Баарынан көп журналист ХАМАС радикал тобу Израилге 7-октябрда кол салганда набыт болгону белгиленген. Анда маалымат каражаттарынын алты өкүлүнүн өмүрү кыйылган. Ушул тапта Израилдин жердеги операциясын жана Газа тилкесиндеги кырдаалды чагылдырып жүргөн журналисттер өмүрүн тобокелге салып, “израил армиясынын аба соккуларынын алдында, байланыш үзүл-кесил болгон, электр энергиясы жок, тамак-аш жетишсиз шартта” иштеп жатканы айтылат.
7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага алып, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдегени жараат алган.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. 3 миңге чукул палестин дайынсыз. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес. Улуттар Уюмунун агенттигинин эсебинде бир жарым миллиондон ашуун тургун аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду.
Дагы караңыз
ИИМ Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмү тууралуу маалымат берди Орусиянын Кемерово облусунун экс-губернатору Аман Тулеев көз жумдуЭлчилик Орусияда 4-кабаттан кулап каза болгон аял тууралуу маалымат берди