Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев паранжы жана узун сакалга байланыштуу пикирин билдирди.
Чүйдүн Панфилов районундагы УКМК башкармалыгынын жаңы имаратын кечээ ачып жатып, соңку убакта бул жаатта тынчсыздануулар болуп жатканын белгиледи.
Анын пикиринде, дүйнөдөгү 200дөн ашык мамлекеттин катарында Кыргызстан да бар, ата-бабалар кыргыз катары сакталып келген, азыркы тапта келечек муунга мамлекетти ошол калыпта өткөрүп берүү зарыл.
"Кыргыздар эч убакта араб, эч убакта орус болбойт", - деген пикирде ал.
Ташиев "кыргыздар эч убакта шалбырагандарды кийип, эч качан 20-25 жаштагы балдарыбыз сакалдарын киндигине чейин түшүргөн эмес", - деди.
Анын ою боюнча, азыркы тапта башка журттардын, башка диний агымдардын салттарын Кыргызстанга алып келүү аракеттери болуп жатканын, динге жамынган айрым топтор жаштарды мамлекетке, салтуу билим берүүгө жана медициналык тейлөөгө каршы үгүттөп, мамлекетке жана коомго зыянын тийгизүүдө. "Биз динге каршы эмеспиз, динди колдойбуз, ислам динин колдойбуз", - деп кошумчалады ал.
Өз сөзүндө УКМКнын төрагасы жакында Ошто 11 жаран кармалгынын айтып, алардын үйүн текшергенде курал-жарактар табылганын кошумчалап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерин бул жаатта күрөштү күчөтүүгө чакырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, жакында ал коомдук талкууга чыгарылган.
Эл өкүлү мындай чара өлкөдөгү коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептейт. Кыргыз коомунда мындай демилгени жактагандар да, ага каршы болгондор да чыгып, маселе кызуу талкуу жаратты. Демилгеге каршы болгондор муну менен адамдардын фундаменталдык укуктарына доо кетет деп эсептешет. Айрым эксперттер тыюу салуу аркылуу эмес, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү менен бул абалды жөнгө салса болот деген пикирде.
Дагы караңыз
ДССУ: Газа тилкесинде жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн Би-Би-Си: Украинада кеминде 37 миң орус аскери набыт болдуБУУ: Газаны ачарчылык каптап, оору жайылышы ыктымал