Футбол: Кыргызстан Малайзиянын курамасына утулду

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы. 16-ноябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия курама командасы менен беттешип, 3:4 эсебинде утулду. Оюн Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы “Букит Жалил” стадионунда болду.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азия континентинен сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама команда 9 тайпага бөлүнүп ойнойт. Оюндардын жыйынтыгында тайпада биринчи жана экинчи орунда ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан 21-ноябрда Омандын курама командасы менен тайпадагы экинчи беттешин өткөрөт. Оюн Бишкекте болот. (BTo/GT)

Дагы караңыз

Журналист Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камалганын жакындары билдиришти Финляндия Орусия менен төрт чек ара бекетин жабатТөрт жашар Айкөркөмдүн өлүмүнө айыпталган аскер Арман Жуман акталдыГерманиянын полициясы Гамбургдагы Ислам борборунда тинтүү жүргүздү Партиялардын динди колдонушун тыюу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты “Kloop” Бишкектин административдик сотуна кайрылды