Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Төрт жашар Айкөркөмдүн өлүмүнө айыпталган аскер Арман Жуман акталды


Айкөркөмдүн өлүмү боюнча ишти караган соттун алдында. Алматы, 26-июль, 2023-жыл
Айкөркөмдүн өлүмү боюнча ишти караган соттун алдында. Алматы, 26-июль, 2023-жыл

15-ноябрда Алматы гарнизонунун аскердик соту келишим менен кызмат өтөгөн аскер Арман Жуманды актады. Ал 2022-жылкы Январь окуялары маалында төрт жашар Айкөркөм деген кыздын өлүмүн териштирген иштин алкагында “кызматтык ыйгарымдарынан аша чабуу” үчүн айыпталган.

Сотто прокурор айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Адвокаттар актоону өтүнгөн.

Жабырлануучу тарап Жумандын аракеттерин “кызматтык ыйгарымдарынан аша чабуу” эмес, “адам өлтүрүү” деп сыпаттоону талап кылып келген.

Кыздын атасы Айдос Мелдехан сотто айыпталуучу "кечирим сураганын" журналисттерге айтканы менен, жабырлануучу тараптын адвокаты Жан Кунсеркин муну бышыктаган жок.

Июлда башталган сот жабык өткөн.

“Тилекке каршы сот Арман Жуманды актады. Буга эмне негиз болгонун азырынча билбейбиз. Өкүмдүн тексти колума тийе элек. Мындай логикага сыйбаган тыянакка сот кандайча келгени белгисиз”, - деген Кунсеркин апелляция берилерин кошумчалады.

Сот жүрүп жаткан жерге ондогон активист келген.

Айкөркөм Мелдехан былтыр 7-январда бир туугандары менен машинада отурганда башынан ок жеп каза болгон. Эжеси жарадар болуп, операция жасалган.

Жуман июлда буйрукту аткарганын, адам өлтүрүү ниети болбогонун журналисттерге айткан.

Кошуна өлкөдө былтыр 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Төрт жашар Айкөркөм алардын эң кенжеси. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG