Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык жыйын өттү

Жогорку Кеңеш. Иллюстрация.

Кыргызстандын парламенти - Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция 16-ноябрда болуп өттү. Жыйынга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, парламенттин депутаттары, мурдагы төрагалары, ошондой эле КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламент башчылары катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Кыргызстан эгемендик алган кездеги Жогорку Кеңештин - легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик желек тууралуу көтөрүлгөн демилге боюнча да пикирин айтып кетти.

"Легендарлуу парламент Кыргызстандын Эгемендиги тууралуу декларацияны кабыл алып, өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялаган. Мамлекеттик эн белгилерди бекиткен. Биз азыр өзүбүздүн мамлекетибиздин жакшынакай желбиреген желегинин алдында турабыз. Бул желек менен Манас атабыз сыймыктанмак".

Медеткан Шеримкулов Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алгачкы жыйыны да 31 жыл мурда, 1992-жылы Бишкекте өткөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракеси КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйыны Бишкекте өтүп жаткан учурга туш келди. Ассамблеянын 55-күзгү сессиясы 16-17-ноябрда Бишкекте өтөт.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1938-жылы 18-июлда түзүлгөн.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ азайтылган.

VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Коомдо парламент “нотариалдык орган болуп калды, мыйзам долбоорлорун талкуулабай топ-тобу менен кабыл алууда” деген сын-доомат айтылып жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

ЦАХАЛ ХАМАСтын саясий кеңешинин төрагасынын резиденциясына сокку урганын билдирдиЕреван Азербайжан менен үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышууга макул болду “Kloop” Бишкектин административдик сотуна кайрылдыПартиялардын динди колдонушун тыюу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты БУУ Газада жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн экенин эскертти