Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

БУУ Газада жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн экенин эскертти


Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газадагы инфекциялык илдеттер жайылышы жана ачарчылык болушу ыктымал экенин эскертти. Жакынкы Чыгышка барып кайткандан кийин дипломат азыр мындай коркунуч чоң экенин белгиледи.

Ал эми БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялаган башкармалыгы тилкенин түндүгүндө, Газа шаарынын айланасында 24 оорукананын ичинен бирөө гана бейтаптарды кабыл алып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, 18 оорукана жабылып, ал жердегилер эвакуацияланды. Беш медициналык жай, анын ичинде Аш-Шифа комплекси ооругандарды кабыл албай, бейтаптарга эң зарыл деген гана, чектелген жардам көргөзүүдө.

“Ал ооруканаларга жете албай жатабыз, электр энергиясы өчкөн, алардын бейтаптарды кабыл алууга чамасы жетпейт”, - деп билдирди БУУнун башкармалыгы.

Ал арада Израил Аш-Шифа оорукана комплексинде аскердик операциясын улантты. ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун көзөмөлүндөгү Газанын Саламаттык сактоо министрлиги израилдик бульдозерлер оорукананын бир тарабындагы кире беришти сүрдүрүп салышканын билдирди.

Израилдин бийлиги комплексте жана анын алдында хамасчылардын командалык пункту жайгашкан деп келатат. ХАМАС жана дарыгерлер муну четке кагууда.

БУУнун эсебинде, комплексте кеминде 2300 киши – бейтаптар, оорукана кызматкерлери жана жер которгон палестиналыктар бар, алар айланада салгылашуу токтобой жатканынан улам чыга албай калган болушу мүмкүн.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөй киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.

XS
SM
MD
LG