15-ноябрда Баткен шаарында өткөн эл аралык айыл чарба жарманкеси Түштүк Кореянын КOPIA эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурулду.
Жарманкеге Баткен облусунун жетекчилери жана Өзбекстандын Риштан, Сох райондорунун, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана дыйкандар, ишкерлер катышты.
Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чара эки өлкөнүн президенттери кол койгон жол картасынын негизинде достукту, соода-экономикалык карым-катнашты чыңдоо максатында өткөрүлдү.
Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы маселелер чечилип жатканын быйыл 13-октябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине келип, кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолукканда айткан.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын кыргыз президенти Садыр Жапаров Мирзиёев быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенде билдирген. Ал бул күндү тарыхыйдеп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын жарыялаган. (JsA)
Дагы караңыз
Воронеж: ресторанга чогулган азербайжандык 50 киши комиссариатка чакыруу алдыОрусия Донецк облусундагы турак жайга сокку урду. Бир аял набыт болдуМуфтий Замир Ракиев никаб Кыргызстанда парз эмес, ар кимдин укугу экенин айтты