Үй-бүлөлүк зомбулуктан качкан ингушетиялык кыз Арменияда кармалды

Фатима Зурабова

Арменияда жакындарынын арызы менен Ингушетиянын 21 жаштагы тургуну кармалды. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктан качкан. Коркунучка кептелген кыз-келиндерди коргогон “Марем” уюмунун жетекчиси Светлана Анохина Кавказ.Реалии сайтына айтып бергендей, полиция кызматкерлери Фатима Зурабова убактылуу жашап жаткан Аштарак шаарындагы батирге келишкен жана аны Еревандагы полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал жерде кылмыш иши жөнүндө айтып, телефонун тартып алышты.

Полиция участогунда аны таякеси жана досу менен чогуу камап коюшкан. Алар кыздан үйгө кайтууну талап кылышкан.

Зурабова зомбулукка кабылганын айтканы менен, тартип коргоочулар кылмыш Орусиянын аймагында жасалгандыктан, "жардам бере албайбыз" деген жооп кайтарышкан.

Анохина кыз полицияда отурганын, көчөгө чыкса Ингушетияга күчтөп алып кетишет деген кооптонуу бар экенин кошумчалады.

Укук коргоочулар Зурабованын укуктары одоно бузулганын айтышат. Полиция кыздын арызын алган эмес, зордук-зомбулукка кабылышы ыктымал деген документсиз аны башкалкалоочу жайга кабыл алышпайт.

Зурабова сентябрдын аягында аны үй-бүлөсүндө такай сабашканын укук коргоочуларга айтып берген. Ал ингуш коому үчүн өөн учурайт деген жүрүм-туруму, тил албаганы же башкалардын оюна кошулбаганы же “профилактика” иретинде токмок жегени ачыкка чыккан. 8-ноябрда ал жумушка барам деп үйдөн чыгып, “Марем” уюмунун жардамы менен Арменияга учуп кеткен.

Дагы караңыз

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды"Апа кечир, Сирияга кеттим". Дайынсыз жоголгондордун баяныБаяндама: Британия борборазиялык коррупциялашкан элитанын капитал чыгарган борборуна айланды