Башаламандыкка чакырган деген шек менен Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу кармалды

Кармалган шектүү Нурбек Кайназаров. УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстанда массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык жасаган деген шек менен Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу 15-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 37 жаштагы Кыргызстандын жараны Фейсбукта чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасап турганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Ал Орусиядан кармалып Кыргызстанга алынып келип, 20-ноябрга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. УКМК шектүү качан кармалганын жана Кыргызстанга качан жеткирилгенин тактаган жок.

Атайын кызмат тараткан бир мүнөттөн ашык видеодо өзүн Нурбек Кайназаров деп тааныштырган адам “буга чейин бийлик өкүлдөрүн сындаган видеолорду чыгарып турганын, Кыргызстанга келип бийликтин жасап жаткан жакшы иштерин көргөнүн” айткан.

Атайын кызмат 13-ноябрда Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга чакырган деген шек менен Фейсбуктун дагы бир колдонуучусун кармаган. (BTo)

Дагы караңыз

Газанын түштүгүндө гуманитардык абал оор Паранжыга, узун сакалга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду 14-ноябрда Украинанын бүткүл аймагында сирена жаңырдыОрусия майдан тилкесинде 174 миң чарчы чакырым аянтты миналап салды Иран: Эвин түрмөсүндөгү өрткө байланыштуу 40 кишиге айып тагылдыБишкекте убактылуу башкалка жайлары иштей баштады