Көптөгөн өлкөлөрдө жерге мина коюуга тыюу салынса дагы бир топ адам өмүрү ошонун айынан кыйылат. Бул маселе менен алектенген уюмдар тобу 14-ноябрда жарыялаган Landmine Monitor 2023 докладында белгилегендей, Орусия Украинага жок жерден ачкан согушта миналоону кеңири пайдаланууда. Киев Москвадан айырмаланып, Минага тыюу салган эл аралык конвенцияга кол койгон.
Докладдын авторлору былтыр 51 өлкөдө минадан 4 миң 710 кишинин жабыркаганы катталганын жазышкан. Алардын арасынан 1 миң 661 киши каза тапты. Алардын 85% жөн-жай адамдар, жарымы балдар.
Курмандыктар жагынан Украина 608 киши менен Сириядан кийинки экинчи орунду ээледи. Конвенцияга кошулбаган Сирияда 834 киши минага жарылып, өмүр менен кош айтышкан.
Маалыматка ылайык, Орусия украин аскерлеринин жазгы контрчабуулу алдында майдан тилкесиндеги 174 миң чарчы километр аянтты миналап салган. Муну менен Украина эң көп миналанган өлкөгө айланды.
Адистердин баамында, алардан тазалоо үчүн согуштан кийин да ондогон жылдар кетмекчи.
Муну менен катар докладдын авторлору “ишенимдүү булактарга” таянып, Украина 2022-жылы конвенцияны бузуп, орус оккупациясында калган Изюм шаарын жана айланасын миналаганын билдирди.
Былтыр ноябрда Украинанын коргоо министринин орун басары Александр Полищук Human Rights Watch уюмунун катына жооп бергенде Киев “согуш аяктагыча кандай курал колдонгону тууралуу маалымат бере албасын” айткан.
1999-жылы күчүнө кирген Жердеги минага каршы конвенцияга 164 мамлекет кошулган. АКШ ал макулдашууга кол койгон эмес.
Дагы караңыз
"Мекендештер-2023": Мигрант кантип инвестор болот?Газа: Израилдин танктары Аш-Шифа ооруканасына келдиОрусиядагы мигрантофобия: Муфтий эмнеден коркот?"Сирияда даярданган, банк тоношкон". Эл аралык террордун Оштогу карааны