Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:56

"Сирияда даярданган, банк тоношкон". Эл аралык террордун Оштогу карааны


Шектүүлөрдү кармоо учуру.
Шектүүлөрдү кармоо учуру.

Ошто ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шек саналып кармалган 11 кишинин тогузунун бөгөт чарасы каралып, эки айга камалды.

Милиция бул топтун мурда жасалган жана даярдалып жаткан 29 кылмыш иши аныкталганын жана буга катышы бар башка шектүүлөргө да издөө жарыяланганын кабарлап, аларды “эл аралык террордук топтордун Кыргызстандагы мүчөлөрү” деп мүнөздөдү.

"Сирияда даярдыктан өткөндөрү бар"

“Булар чет өлкөлөрдө аракеттенип жаткан экстремисттик жана террордук согуштук топторду каржылоо максатында Ош шаарында каракчылык кылып жүргөн. Бул убакка чейинки тонолгон каражаттардын бир бөлүгүн сырттагы каржылоого жумшаган”, - деди Ош шаардык милицияcынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы Тынчтыкбек Нуралиев.

Алардын жашаган жерин тинткенде курал-жарак, жардыруучу заттар, андан сырткары кара түстөгү желек, ар кандай диний адабияттар табылган.

Милиция бул топту түзгөн деп шек саналган киши дагы камакка алынганын билдирди. Бирок ал тууралуу толук маалымат берген жок.

“Биз аныктаган маалымат боюнча, бул топ 2017-2019-жылдардан бери карай түзүлүп, катарына кишилерди тартып келген. Алардан табылган курал-жарактарды көрүп жатасыздар. Муну алар кандайдыр бир аракет үчүн топтоп жүргөн. Азыркы учурда башка өлкөлөрдө булардын тарапташтары мамлекеттүүлүккө каршы аракеттерди жасап жатпайбы. Оштогу кармалган топ да өзүнүн чөйрөсүн кеңейткенден кийин биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч жаратышы мүмкүн эле”.

Шектүүлөрдү кармоо учуру.
Шектүүлөрдү кармоо учуру.

Кармалган 11 кишинин экөө аял болгон.

“Бул жерде аялдар да кармалды. Ал аялдар турмуштан ажырашкан же жолдошу каза болгондор. Бул топтогулардын ичинде колунда эрезеге жетип калган бир-экиден балдары бар аялдарга никеге тургандары дагы бар. Анан ошол бой жетип калган балдарга жаштайынан курал кармаганды, азыркы технологиядагы куралдарды колдонгонду үйрөтүшкөн. Андан сырткары, кармалгандардын ичинде Сирияда атайын даярдыктан өтүп келген, жарадар да болгондору бар. Алар атайын сабактарды өтүп, ар ким өзүнүн милдетин бөлүп алышканы аныкталды”, - деди Тынчтыкбек Нуралиев.

Милиция кармалгандар быйыл апрель айында акча алмаштыруу жайында болгон каракчылыкка катышкандарга тиешеси бар экенин билдирүүдө.

Ал окуяда жабырлануучу жараат алып, 3,6 млн сом материалдык зыян тарткан.

Быйыл жыл ичинде эле Ош шаарында экстремизм-терроризмге шек саналып, ири сандагы курал-жарактар менен экинчи топ кармалды. Ушуну менен жалпы 28 киши кармалды. Милиция алардын баары бир эле топтун мүчөлөрү болгонун ырастап жатат.

Май айында милиция Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын, көп сандагы курал-жарактар табылганын, алардын айрымдары экстремисттик топтун мүчөлөрү экенин билдирген. Анда да тогуз адам кармалып, бирөө аял киши, үчөө Өзбекстандын жарандары болгону айтылган.

Оштогу карактоо: коопсуздукка кооптуу топтор
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:00 0:00

Көп өтпөй Чүйдүн Дмитриевка айылында террорчулукка шектүүнү кармоо учурунда атышуу болуп, Ички иштер министрлиги куралчан адам жок кылынганын, аны кармоо учурунда эки күч кызматкери жарадар болгонун билдирген.

Ош шаардык милициясы ал куралчан киши Оштогу бир нече оор кылмышка шек саналган жана экстремисттик, уюшкан топтун мүчөсү экенин кабарлаган. Тагыраагы, ал шектүү Ошто январда ишкерлердин каражаты делген ири суммадагы акча жүктөлгөн жол тандабасты аткылап, карактаган окуяга тиешеси болгону айтылган. Анда эки адамга ок тийген. Ири куралдуу топтун кармалышы көптөрдү чочулаткан эле.

"Диний маалыматы аздыгы азгырыкка себеп"

Дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймактагы бөлүмүнүн башчысы Фурхадбек Адилбек уулу жарандардын диний маалыматы аздыгынан кайсыл бир топторго азгырылуу кооптуулугу дале күч экенин айтууда. Ал жарандарга үйлөрдөгү окутуулардан, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн диний таалимдерди уюштурган жайларга баруу кооптуу экенин эскертти.

“Ар кайсыл топторго кирип кеткен жарандар жөнүндө айта турган болсок, алар диний жактан сабатсыз адамдар. Диний сабатсыз адамдар экстремизм-терроризмге байланыштуу жагдайларга туш болуп калышат. Ал эми үйлөрдө ондон, жыйырмадан адамдарды окуткан жайлардын баары мыйзамсыз, алар мыйзамды бузуп ушул жолдорго барууда. Жарандарды андай жайларга барбоого чакырабыз”, – деди Дин иштери боюнча комиссиянын түштүк аймактагы бөлүмүнүн башчысы Фурхадбек Адилбек уулу.

Ош шаардык казысынын орун басары Махаммадияр Кубанбеков экстремисттик топтордун мындай аракети исламга каршы келерин айтып, аларды динге жамынып кылмыш кылгандар деп атады.

“Ислам дини бирөөнүн укугун тебелеп, кан төгүүгө жол бербейт! Коомдук жерлерде жардыруу уюштуруу эмес, жаман сүйлөөгө да болбойт. Демек, адамдардын өмүрүнө кыянат кылуу ислам динине каршы келет”, - деди шаар казысынын орун басары.

XS
SM
MD
LG