Пашинян ЖККУнун Минск саммитине катышпасын айтты

Никол Пашинян

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Беларусту Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун саммитине келбесин кабардар кылды. Жыйын 23-ноябрда Минскиде өтмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыктын” беларус кызматы жазды. Маалыматка ылайык, армян премьери уюмдун калган мүчөлөрү “бул чечимди түшүнүү менен кабыл алышат” деп үмүттөнөрүн айтты.

Армениянын жетекчилери 2009-жылдан бери мындай саммиттерге калтырбай катышып келген.

Саясат таануучулар Армения муну менен КМШ жана ЖККУдагы өнөктөштөр Тоолуу Карабактагы окуялар маалында колдоо көрсөтпөгөнүнө, иш жүзүндө Азербайжандын позициясын колдогонуна нааразылык билдирүүдө деп айтышат.

Еревандын өкүлдөрү 13-октябрда КМШнын Бишкектеги жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна барган эмес.

Ошондой эле Балыкчынын жанында ЖККУнун машыгуусуна катышкан жок. Пашинян сентябрда "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал Еревандын ЖККУга мүчө болушу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.

Еревандагы айрым саясатчылар сөз болгон эки уюмдан чыгууга үндөп келатканы менен расмий бийлик бул багытта аракет көрө элек.

Дагы караңыз

Кыргызстанда 740 миңдей наристе бакчага барбайтОш: Депутаттар Жетигеновду жерип жатабы?Аскердик комиссар Якутиядан жумасына 500 кишини согушка жөнөтүүнү талап кылды