Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:10

Аскердик комиссар Якутиядан жумасына 500 кишини согушка жөнөтүүнү талап кылды


Александр Авдонин
Александр Авдонин

Саха жумуриятынын (Якутия) аскердик комиссары Александр Авдонин жыл аягына чейин Украинадагы согушка аймактын ар бир районунан жумасына 15 кишини жөнөтүп туруу керектигин билдирди. Анын сентябрда регион өкмөтүнүн жабык жыйынында айткан сөздөрүнүн тасмасын «Эркин Якутия» фонду жарыялады.

Авдониндин айтымында, сентябрга карай Саха Ыраакы чыгыш федералдык аймагынан эң аз ыктыярчыны согушка жиберген. Комиссар пландын үчтөн бир бөлүгү гана аткарылганын белгилеген.

Ал согушка жалдоо чараларын күчөтүү керектигин, болбосо Коргоо министрлиги, бул жараянга көз салган Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев тарабынан олуттуу чара көрүлөрүн эскерткен.

«…майданда кырдаал жеңилирээк болуп калды деп айтышат. Бул болбогон кеп, балдар окоптордо күн сайын өлүп жатат», - деп айтты Авдонин.

Өткөн жумада орус президенти Владимир Путин ыктыярчылар жана контракт менен Украинага кеткендер келишим канча убакытка түзүлгөнүнө же качан мобилизацияланганына карабай, согуштук аракеттер аяктамайынча үйлөрүнө кайтышпайт деп билдирген.

Саха жумуриятына 34 муниципалдык район жана эки шаардык округ кирет. Аны 15ке көбөйткөндө жумасына 500дөй кишини согушка жөнөтүү тууралуу сөз болуп жатат.

XS
SM
MD
LG