18 жылга кесилген Карим Масимовго дагы эки иш козголду

Карим Масимов. Архивдик сүрөт

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып 18 жылга кесилген Карим Масимовго арам акчаны адалдоо жана паракорлук беренелери менен дагы эки иш козголду. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги жазды. Кабарга ылайык, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө, Масимовду колониядан Астана шаарынын коопсуздук комитетинин тергөө абагына которушту.

Быйыл апрелде кошуна өлкөнүн соту мурдагы жетекчини мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алуу, кызмат ыйгарымдарынан аша чабуу үчүн күнөөлүү деп тапкан. Эркинен ажыратуу менен катар мүлкү конфискацияланып, өмүрүн аягына чейин мамлекеттик кызматты элөөгө тыюу салынган.

Быйыл жыл башында Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов "Масимов жана орун басары коопсуздук комитетинин Алматы шаарындагы, Кызылордодогу, Алматы облусундагы имараттарын калтырып кетүү буйругун берген. Алматы жана Жамбыл облусунда полиция имаратын да таштап кетишкен. Ал жакта 3 миңден ашуун даана курал-жарак уурдалган, көбү азыркыга чейин табыла элек" деп билдирген.

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин узак жылдардан берки санаалашы, 56 жаштагы Масимов былтыр 6-январда, өлкөдө нааразылык акциялары болгондо кармалган. Ал бир кездери премьер-министр болгон.

Казакстанда газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланган. Жана тоз-тополоң менен коштолгон.

Расмий эсепте Январь окуяларында 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийинки кыйноолордон көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок андай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган.

Дагы караңыз

Шакиев Кыргызстан Газадагы согушка тынчсызданып жатканын билдирди"Сирияда даярданган, банк тоношкон". Эл аралык террордун Оштогу карааныЖугуштуу ооруларга бекер текшерилүү долбоору башталды