Президент Садыр Жапаров 14-ноябрда Бишкекте көп функциялуу Manas Tower 45 комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды.
Президенттин басма сөз кызматы мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында биринчи курулуп жатканын, аны президенттин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор саларын билдирди. Курулушу 2,5-3 жылда бүтөрү пландалып жаткан комплекске чет элдик кайсы инвесторлор тартылганы ачык айтылган жок.
Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил машинага ылайыкташкан автотоктотмо болот.
Садыр Жапаров долбоорго ылайык имараттын эң үстүндө тик учак коно турган жана панорама аянтчасы болорун айтты. (BTo)
Дагы караңыз
Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн бошоткон судья кызматтан алындыОрусия жана Украина бири-биринин дрондору атып түшүрүлгөнүн билдириштиГазадагы ири оорукананын жанына израилдик танктар топтолдуУКМК Анвар Габбазов ЦУМдун ээси экенин билдирди"Мекендештер - 2023": Мигранттар инвестиция салууга кепилдик сураштыОштун мэри Жетигенов шаардык кеңештин чечимин депутаттардын жеке кызыкчылыгы деп түшүндүрдү