Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Оштун мэри Жетигенов шаардык кеңештин чечимин депутаттардын жеке кызыкчылыгы деп түшүндүрдү


Бакытбек Жетигенов.
Бакытбек Жетигенов.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Ош шаардык кеңешинин чечими тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал депутаттардын “шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатат” деген дооматын четке кагып, токтомдордун 95% аткарылганын, калган 5% да ал бул кызматка келгенге чейин кабыл алынган токтомдор экенин айтты.

“Депутаттардын жеке кызыкчылыктары бар. Эки жума мурун шаардык кеңештин төрагасы мени менен жолугам деп кезиккенбиз. Ал “депутаттар шаардын күнү белгиленгенде тамакка чакырган жок, жакшы көңүл бурбайт, чет элдик сапарларга алып чыкпайт деп таарынып атышат” деген. Карасам депутаттар бир эле жолу чет элдик сапарга барбай калышыптыр. Калгандарына бүт эле барышыптыр”, - деди ал.

“Азаттык” Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков менен байланышканда ал сессияда отурганын айтып, кийинчерээк байланышарын билдирди.

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрда кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үч депутат каршы болгон. Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө кылышкан.

Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Ош шаары республикалык маанидеги макамга ээ, мэрди президент дайындайт.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов шаарга башчы болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген айыптын негизинде кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG