Келерки жылга ажылык сапарга каттоо аяктады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2024-жылы ажылык сапарга барууну каалоочуларды каттоо аяктаганын билдирди. Муфтияттын сайтындагы маалыматка ылайык, келерки жылы ажыга баруучулар РСК банк аркылуу алгачкы төлөмдөрүн төлөштү. Ага ылайык, 13-ноябрга карата 6 524 адам 2 миң доллар өлчөмүндөгү төлөмдү жана миң сомдук кайтарымсыз акчаны банкка төгүштү.

Ушуну менен ажылык сапарга төлөм кабыл алуу жана каттоо токтотулду.

Кыргызстанда келерки жылкы ажылык сапарга баруучуларды каттоо 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөрү кабарланып, эгер квота толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат деп белгиленген эле.

Сауд Арабиясы бул жолу Кыргызстанга 6060 орун берген. Муфтияттын маалымдашынча, дагы 500 адам резервде болот. Ошондой эле былтыркы ажылык учурунда кезеги жетпей калган 110 киши быйыл биринчилерден болуп ажылыкка барары күтүлүүдө.

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген.

2024-жылы ажылык зыярат июнь айында болот. (ZKo)

Дагы караңыз

Газа: Израилдин танктары Аш-Шифа ооруканасына келдиГаза: Аш-Шифа ооруканасында абал оор Болат Назарбаевдин сөөгү туулган айылында жерге берилдиОш шаарынын депутаттары мэр Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү"Сирияда даярданган, банк тоношкон". Эл аралык террордун Оштогу карааны