13-ноябрда журналист Канышай Мамыркулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты.
Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу суралганын айтты.
“Тиешелүү кагаздарга кол коюп бердим. Баарын тең ачыктаганга болбойт. Түз айтканда менин кесиптик ишмердигиме байланышы жок. Суроолорго мыйзамдын алкагында жооп бердим”, - деди ал.
УКМК сурак боюнча комментарий бере элек.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Замирбек Шамшидин уулун 25-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Райондук сот 13-ноябрда анын камактагы мөөнөтүн узартып, 8-декабрга чейин абакта калтырды.
Аны атайын кызмат 21-сентябрда кармаган. Адвокаты Алманбет Бексултанов Замирбек Шамшидин уулуна кылмыш иши 8-сентябрда козголгонун айткан. Бирок 13-сентябрдагы шаардык соттун алдындагы митингден кийин башка беренеге алмаштырылган.
Замирбек Шамшидин уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. Адвокаты 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында сүйлөгөн сөзүн экспертизага берип, иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн билдирген. (BTo/MKt)
Дагы караңыз
Тогуз айда Орусиядан 1900 кыргыз жараны депортация болду Сокулук: Окуучу бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө Таштандыдан табылган ымыркайдын туугандары изделип жатат Орус мамлекеттик агенттиктери Украинадагы аскерлер тууралуу маалыматты өчүрдүФейсбук колдонуучусу башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалдыАКШ Сириянын түштүк-чыгышындагы иранчыл топторго сокку урдуАбактагы Жээнбеков саясий куугунтук күчөгөнүн айтты Тергөө абагындагы Мадумаровдун абалы начар экенин адвокаты айтты