Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бир нече күн мурун таштанды челектен табылган ымыркайдын жакындары изделип жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, социалдык кызматкерлер №1 төрөт үйүнө барып, наристенин абалы менен таанышты.
Маалымат кызматы учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу жана анын асыроочуларын дайындоо максатында биологиялык туугандары изделип жатканын кабарлады. Ага ылайык, эгер баланын биологиялык жакындары табылбаса же асыроочу болуудан баш тартса, ымыркай бала багып алууну каалаган ата-энелерге берилүүчү балдардын тизмесине киргизилет.
8-ноябрда 23:30 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
11-ноябрда баланын 21 жаштагы энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренесине (“Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү”) шек саналып жатат.
2016-жылдан тартып таштанды балдар үчүн бэби-бокс (атайын куту) ачуу керек деген демилге көтөрүлүп, ишке ашкан эмес.(ZKo)
Дагы караңыз
Газада ооруканадан чыга албай калгандар Израилдин маалыматын четке кактыАКШ Сириянын түштүк-чыгышындагы иранчыл топторго сокку урдуТогуз айда Орусиядан 1900 кыргыз жараны депортация болду Сокулук: Окуучу бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө Фейсбук колдонуучусу башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалдыТергөө абагындагы Мадумаровдун абалы начар экенин адвокаты айтты