Бишкек-Ош жолундагы “Арал” постунда 12-ноябрда саат 20:00дөн тарта оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек - Ош автоунаа жолунда аба ырайы кескин өзгөрүп, Ала-Бел ашуусунда кар жаап, бороон күчөгөн. Министрликке караштуу №23 ишкана (ДЭП) ашууну кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.
Мнистрлик ашуулар кар экенин белгилеп, алыс жолго чыга турган айдоочулардан дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертүүдө.
9-ноябрда аба ырайынын кескин начарлашынан улам Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилип, кайра алынган.
Бишкек-Ош жолунун узундугу 700 чакырым. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары бар.(ZKo)
Дагы караңыз
Газа: жарыксыз калган оорукана, жардамга муктаж ымыркайлар Германия Украинага аскердик жардамын эки эсе көбөйтөтReuters: Газада барымтага алынгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүү токтодуТаштандыдан табылган ымыркай: Эне кармалды. Ата кайда? Парижде антисемитизмге каршы жүрүш өтүүдөСоода борборунда жоголгон кыз боюнча "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголду