Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Reuters: Газада барымтага алынгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүү токтоду


Газа тилкеси
Газа тилкеси

Палестиналык радикал ХАМАС тобу Газада барымтага алынган израилдиктерди бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялады. Ага "Ал-Шифа" ооруканасына жакын аймактын аткыланышы себеп болгонун палестин аткаминерине таянып Reuters жарыялады.

Ал аралыкта NBC News Ак Үйдөгү булактарына шилтеме кылып, Израил ХАМАС менен барымтадагы 80 аялды жана балдарды Израилдин түрмөлөрүндөгү аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашууну сүйлөшүүгө аракет кылып жатканын жазды. Басылманын маектеши Израил канча адамды бошоторун ачыктаган эмес. Вашингтон алмашуунун бир да схемасы ишке ашарына ишеничи жоктугу кабарланды.

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ 12-ноябрда "Ал-Шифа" бейтапканасынын аймагында аскердик операция жүргүзүлгөнүн ырастаган. Израил тарап ХАМАСты оорукананы жер алдындагы аскердик борбордун калканчы катары пайдаланып жатат деп айыптоодо. ХАМАС муну четке кагып келет.

Ирандын Tasnim агенттиги бейтапканада электр энергиясы үзгүлтүккө учураган кезде бир нече бейтап кислороддун жетишсиздигинен каза тапканын маалымдады.

Израил армиясы оорукананын чыгыш тарабы ачыктыгын билдирип, бейтапкананын педиатрия бөлүмүндө жаткан балдарды эвакуациялоого даяр экенин кабарлады. ЦАХАЛднын маалымат кызматы ооруканага 300 литр күйүүчү май берүүнү көздөгөнүн, бирок ага ХАМАСтын өкүлдөрү тоскоолдук кылышканын билдирди.

Газада согуш башталганына алтынчы аптага аяк басты. ХАМАС радикал тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.

XS
SM
MD
LG