Садыр Жапаров илимий изилдөөлөр иш жүзүндө колдонулууга тийиш экенин белгиледи

Кыргызстандын окумуштууларынын илимий иштеринин жыйынтыктары менен натыйжалары иш жүзүндө колдонулууга тийиш.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 10-ноябрь окумуштуулар менен илим ишмерлерин кесиптик майрамы, Илим күнүнө карата куттуктоо сөзүндө айтылат. Ал илимдин өнүгүү деңгээли – коомдун өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири экенин белгилеген. Өлкө экономикасынын өнүгүшүндө илим тармагынын орду жана ролу чоң экенин кошумчалаган.

"Илимдин кадыр-баркын арттырып, илимий кадрларды күчтөөнү камсыздап, жогорку окуу жайларыбыздын эл аралык аброюн жогорулатууга мамлекет, коомчулук тарабынан да ар тараптуу көмөк көрсөтүү зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын окумуштууларынын илимий иштеринин жыйынтыктары менен натыйжалары иш жүзүндө колдонулууга тийиш. Илимди жана билим берүүнү интеграциялоону колдоодо өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы тарабынан иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу ченемдик укуктук актылардын артыкчылыгы болушу керек", - деген өз куттуктоосунда.

Жапаров кыргыз окумуштууларынын ишмердүүлүгүнүн жардамы менен өлкөдө медицина, энергетика, экология жана фундаменталдуу изилдөөлөр жаатында жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатышканын да белгилеген.

Быйыл мартта Улуттук илимдер академиясына барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров илимдин колдонмо жагына көңүл бурууга чакырган. Энергетика жана машина куруу тармагын тез арада жандандыруу керектигин, илим тармагы өлкөнүн өнүгүшүнө, экономикалык саясатка тартылбай жатканын айткан. Өкмөт башчы өлкөгө пайда алып келе турган илимий изилдөөлөргө бийлик акча аябай турганын белгилеген.

Кыргызстандагы Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Учурда академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.

Институттун ишмердиги сынга алынып, бул тармакты реформалоо зарылдыгы айтылып жүрөт. Буга чейин бул жайга барган Садыр Жапаров Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланышы керек экенин белгилеген. (КЕ)

Дагы караңыз

Соода борборунда жоголгон кыз боюнча "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголдуТөө-Ашууда жүк ташыган машинелерге киргизилген чектөө алындыКазакстанда мурдагы министр аялынын өлүмүнө шектелип кармалдыУКМК Сириядагы аскердик операцияларга катышкан кыргызстандык кармалганын билдирди