Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Казакстанда мурдагы министр аялынын өлүмүнө шектелип кармалды


Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев. Архивдеги сүрөт.
Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев. Архивдеги сүрөт.

Казакстанда мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалды. Бул тууралуу 10-ноябрда коңшу өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Сакен Сарсенов журналисттерге билдирди.

“Ал кармалды. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деген Сарсенов кошумча маалымат кийин берилерин айтты.

9-ноябрдын кечинде бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып, экс-министр аялынын өлүмүнө шектелип кармалганын жазышкан. Маалыматка караганда, Астанадагы ресторандардын биринде Бишимбаев аялы менен уруша кеткен. “Тез жардам” келгиче 30 жаштардагы келин көз жумган. Дарыгер аны күйөөсү ресторанда сабап салганын айткан.

Бишимбаев 2018-жылдын март айында коррупцияга айыпталып 10 жылга кесилген. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал “Байтерек” холдингин жетектеп турган кезде миллиарддаган теңгени кымырып алуу боюнча кылмыштуу схема түзгөн. 2019-жылдын октябрь айында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

43 жаштагы Куандык Бишимбаев бир катар жогорку кызматтарды ээлеген, өз убагында ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин жардамчысы болгон.

Hola news агенттиги каза болгон Салтанат Нукенова Бишимбаевдин экинчи аялы экенин жазды. Маалыматка караганда, экс-министр биринчи аялы менен түрмөдөн чыккандан кийин ажырашып кеткен. Бишимбаевдин төрт баласы бар.

XS
SM
MD
LG