Кыргызстанда ажылык зыяратка каттоо башталды

Архивдик сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы келерки жылы ажыга барчуларды каттоо 9-ноябрдан тартып башталганын билдирди. Муфтият каттоо 20-ноябрга чейин жүргүзүлөрүн белгилеп, анын эрежеси менен талаптарын жарыяларды. Ажылык зыяратка баргысы келгендердин тизмеси талапкер муфтияттын аймактарындагы бөлүмдөрүнө келгенде кезек менен түзүлөт. Алар ID-картасын, эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек.

"Талапкерлер 2000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала албайт. Эгер 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орундар (квота) толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат", - деп жазылган маалыматта.

Ал эми 2023-жылы РСК банкына 1000 доллар төлөп, базада кезекте турган талапкерлер, 9-ноябрдан 20-ноябрь аралыгында калган 1000 долларын төлөшү керек. Эгер талапкер 2000 долларга толуктай албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 орун бөлгөн.

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Спорттук иш-чара учурунда оор жараат алган чек арачы каза болдуБишкектин соту Тимур Файзиевди 9-декабрга чейин камакта калтырды Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын тоюндагы видеосу тууралуу түшүндүрмө берилди“Авангард Стилдин” директору Эрнис Миңкеев тил кат менен бошотулду