Аба ырайынын кескин начарлашынан улам 9-ноябрда саат 10дон тарта Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, №9 жол тейлөө ишканасы жолду тазалап, кум сээп жатат. Өлкө аймагындагы башка ашууларда да тазалоо иштери жүрүүдө, жолдор ачык.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу каттаган айдоочуларды автоунаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.
Кыргызгидромет борбору 9-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаай турганын билдирген.