9-ноябрда Брюсселде өтө турган Евробиримдик менен Кыргызстандын адам укуктары боюнча диалогун утурлай Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму ( International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укуктук өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялап, Евробиримдикти сүйлөшүүдө аны эске алууга чакырды.
Документте укук коргоочулар жарандык коомдун, эл аралык эксперттердин, алтургай мамлекеттик аткаминерлердин сынына карабай парламент биринчи окууда кабыл алган "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам боюнча кооптонуусун билдиришкен. Баяндамада белгиленгендей, эгер бул мыйзам кабыл алынса чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишмердигине тоскоолдук жаратууга жол ачылат.
Мыйзам долбоору түшүнүксүз айыптар менен бейөкмөт уюмдардын башчыларын жоопкерчиликке тартууга, андай уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотууга шарт түзөрүн укук коргоочулар белгилешет.
Андан тышкары учурда каралып жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзам долбоорун дагы жарандык коом жана эл аралык эксперттер кескин айыптап жатышканы жазылат. Укук коргоочулар белгилегендей, эгер бул мыйзам кабыл алынса ЖМКларды жана онлайн-платформаларды кайра каттоого мажбурлап, бийликти сындап жазгандарды куугунтуктоого мүмкүнчүлүк берет.
Баяндамада ошондой эле бийлик эркин маалымат каражаттарына жасаган басым тууралуу да жазылган. Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлиги “жалган” маалыматтан коргоо боюнча талаштуу мыйзамды колдонуу менен бир нече ирет көз карандысыз медиа каражаттарынын сайттарын жапканын эске салышат. Мисал катары “Азаттык Медиа” мекемесинин жана "Клооп" маалымат агенттигинин тегерегиндеги окуялар келтирилген.
Андан тышкары бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтуктоого кабылып жатканы жазылат. Эки укук коргоочу уюм "Кемпир-Абад иши" боюнча өзгөчө тынчсыздануусун билдирет.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 27 саясатчы, активист былтыр октябрда камалган. Ушу тапта алардын 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Иш сегиз айлык тергөөдөн кийин, быйыл июнь айында сотко өткөн.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.
Милиция аларга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келишет
Укук коргоочулар социалдык тармактардагы посттору үчүн камалган журналисттер жана блогерлер тууралуу да жазышкан. Алардын ичинде журналист, жазуучу Олжобай Шакир, блогер Ырыс Жекшеналиев, үч жылга шарттуу кесилген журналист Таалайбек Дүйшенбиевдин иштери баса белгиленген.
Баяндамада журналист Болот Темировдун былтыр ноябрда Кыргызстандан депортацияланышы дагы өзгөчө тынчсыздануу жаратары жазылат.
Документтин соңунда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө бир жарым жылдан бери митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынганы да белгиленет.
IPHR жана LPF Брюсселдеги жолугушууда баяндамада жазылган маселелерди көтөрүүгө, Бишкекти өз милдеттенмелерин аткарууга үндөөгө чакырган.
Кыргызстандын бийлиги массалык маалымат каражаттарына, жарандык активисттерге болгон басым-кысым, куугунтуктоо тууралуу дооматтарды четке кагып келатат.
Дагы караңыз
Грузияга Евробиримдикке мүчө болууга талапкер макамын берүүнү сунушталды Абактагы Мадумаровдун каты. Ак үйдөгү Байсаловдун жообуӨзбекстанда синагогаларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү