Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:59

Грузияга Евробиримдикке мүчө болууга талапкер макамын берүүнү сунушталды


Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен. 8-ноябрь, 2023-жыл.
Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен. 8-ноябрь, 2023-жыл.

Еврокомиссия Украина менен Молдованын Евробиримдикке кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоону, ал эми Грузияга шаркетке мүчө болууга талапкер макамын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен билдирди.

“Украиндер согушуп жатса деле өлкө ичинде терең реформаларды жүргүзүп, шаркетке кошулууга даярдык көрүп жатышат. Бүгүн Еврокомиссия Европа кеңешине Украинаны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштайт”, - деди фон дер Ляйен.

Анын айтымында, Киев күтүлгөн реформалардын 90% аткарды.

Урсула фон дер Ляйен ошондой эле Молдова дагы өлкө ичиндеги “демократияны дестабилдештирүү аракеттерине карабай” бир катар реформаларды жүргүзгөнүн белгиледи. Ошондой эле грузин өкмөтү “реформалар боюнча маанилүү кадамдарды жасаса”, бул өлкөгө Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүү сунушталды.

Бул сунуштар эми Евробиримдикке мүчө 27 мамлекетке берилет. Лидерлер жакынкы жумаларда анын баарын карап чыгып, Брюсселде 14-15-декабрда өтүүчү саммитте чечим кабыл алышат. Алар бул сунуштарды аткарууга милдеттүү эмес. Ошондуктан алар дароо бир мунасага келет деп да айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG