Келерки жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленет

"Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплекси. Иллюстрациялык сүрөт.

Келерки жылы Кыргызстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуусунда билдирди.

“Буга байланыштуу мен “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл”, - деди Садыр Жапаров.

Ал ар бир элдин тарыхы, тили жана маданияты анын келечеги үчүн маанилүү экенин, ал аркылуу мамлекеттин келечеги аныкталарын белгиледи. Кайрылууда кыргыз эли 3 миң жылдан ашуун тарыхында канды булоон согуштарга карабай, эне тилин, нарк-насилин сактап келе жатканы айтылат.

Мамлекетти Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов баштаган интеллигенция өкүлдөрү түптөп кеткени унутулбай турганын кошумчалады.

7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери календарда кызыл түс менен белгиленип келет.

Орус советтик федеративдик социалисттик республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган.

Дагы караңыз

Журналисттин жеке жашоосуна кийлигишүүнү токтотуу талабы айтылдыСөз эркиндигине арналган “Күч эркиндикте” онлайн акциясы өтүүдөИзраил барымтадагы жарандары бошомоюнча аткылоо улана берерин билдирди Зеленский азыр шайлоону талкуулай турган учур эмес экенин айтты