Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Израил барымтадагы жарандары бошомоюнча аткылоо улана берерин билдирди


Газа тилкесиндеги жөөт армиясынын танктары жана аскерлери. 5-ноябрь, 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги жөөт армиясынын танктары жана аскерлери. 5-ноябрь, 2023-жыл.

ХАМАС тобунун колунда кармалып турган израилдик жарандар барымтадан бошотулмайынча Газа секторун аткылоо токтобой турганын 6-ноябрдын кечинде ABC News каналына курган маегинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Ошону менен катар ал гуманитардык максатта «тактикалык тыныгуулар» болушу ыктымал экенин айтты:

«Барымтадагы биздин жарандар бошотулмайынча Газадагы аткылоо эч токтобойт», – деген Нетаньяху саат-сааты менен берилип жаткан тактикалык тыныгуу буга чейин да болуп келгенин кошумчалады жана аткылоо токтосо израилдик армия ХАМАСтын согушкерлерине каршы жүргүзүп жаткан аракеттерине тосоолдук жаралышы ыктымал экенин белгиледи.

Гуманитардык “тактикалык тыныгуу” жана барымтадагыларды бошотуу маселесин дүйшөмбү күнү Нетаньяху АКШ лидери Жо Байден менен да талкуулады.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге кол салып, 1400дөй адамдын өмүрү кыйылган. 240тан ашуун кишини согушкерлер барымтага алышкан. Ошондон бери жөөт армиясы Газа тилкесин курчоого алып, абадан сокку урууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан набыт болгондордун саны 10 миңге чамалаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG