"Күн кармаган бала" спектакли ТҮРКСОЙдун баш байгесин алды

"Күн кармаган бала" спектакли.

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Баку шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 4-ноябрда кабарлады.

Аталган театр бул фестивалда “Күн кармаган бала” спектаклин көрсөткөн. Аны Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон.

Спектакль 2023-жылы Бишкекте "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында 17 спектаклдин арасынан баш байге алган. Оюндун айрым бөлүгүнө байланыштуу айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралган.

Министр Алтынбек Максүтов "Күн кармаган бала" спектакли тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу комментарий берип, сындап жаткандарды ошол спектаклди көрүүгө чакырган.

Бул спектаклде энеси баласын таштекке салып жуунтуп аткан учурда баланы ойногон актердун жылаңач денеси артынан кыска убакытка гана көрсөтүлгөн жери бар. Спектакль тууралуу маселе парламентте дагы көтөрүлүп, министрден түшүндүрмө талап кылган депутаттар да болгон.

Дагы караңыз

Тимурлан Ажымалиев маданият министринин орун басары болдуБУУ Газадан 1,5 миллиондой адам аргасыз жер которгонун билдирди Керч кысыгы: Украинанын соккусунан Орусиянын кемеси жабыркадыНепалда жер титирөөдө мерт болгон адамдардын саны 150дөн аштыЗеленский Орусия менен сүйлөшүүгө көндүрүү аракети болбогонун айтты Акылбек Жапаров каналдарга чакан ГЭС курууга шарт түзүүнү тапшырдыБлогер Аяз Шабутдинов ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып жатат Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупциянын 90% жоюлганын айтты Президент тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2024-жыл болорун эскертти