Атазов шайлоодо ага тарапташ болгондор суракка барганын ырастады

Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазов "Азаттык" жазып чыккан жагдай тууралуу комментарий берди. Ал шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милициянын убактылуу кармоочу жайларына үч-төрт саатка камалып, кыйноого кабылганын, учурда алардын абалы тууралуу маалымат жок болуп жатканын ырастады.

"Мага жеткен маалымат боюнча аларды "шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла" деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алардын учурдагы абалы боюнча жеткиликтүү маалымат жок болуп жатат", - деп жазды Атазов.


Депутат соңку жагдайдан улам президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, болуп жаткан окуялар тууралуу аларга "туура эмес маалымат" жеткирилип жатат деп билдирип, кабыл алуусун суранды.

Президенттин администрациясы, УКМК буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында "Азаттык" Атазовдун мандатына байланыштуу маселе жаралганын, шайлоодо ага иштеген бир канча тарапташы сурак бергенин жазып чыккан.

Атазов Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жакын адамы катары белгилүү. Ал 2022-жылы Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.

Атазовдун мандатына байланыштуу маселе Камчыбек Ташиевдин өлкөдө Көлбаев-Матраимовго жакын адамдар мамлекеттик кызматтан тазаланары тууралуу билдирүүсүнө туш келди.

Атайын кызматтын төрагасы 2-ноябрда атайын кызматтын Кеминдеги бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, мындан кийин өлкөдө Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын айтты. Ал бул топко жакын 202ден ашык адамдан мамлекеттик органдар тазаланып жатканын билдирген.

Дагы караңыз

АКШда Өкүлдөр палатасы Израилге гана жардам жөнөтүүнү колдоду Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын быйыл чечүү каралып жатканын айтты ЮСАИД Кыргызстандан Европага кашемир экспорттоого көмөктөштү Президент жакырчылыкты жоюуда эл аралык коомчулуктун колдоосу керек экенин айтты Келерки жылдагы ажылык сапарга Кыргызстанга 6060 орун бөлүндү Өкмөт бийик тоолуу, шарты катаал айылдардын тизмесин өзгөртөтИзраил Газа шаарын толук курчоого алганын билдирди