Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын быйыл чечүү каралып жатканын айтты

Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бишкекте жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюуга арналган улуттук форумда чек ара маселесине учкай токтолду. Ал расмий Бишкек кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелерди чечип, коңшу Тажикстан менен жаңы жылга чейин делимитациялоо иштерин бүтүрүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

"Биз чек арадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жигердүү иштеп жатабыз. Кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык делимитациялык процесстер аяктады. Эки өлкөнүн, Кыргызстан менен Тажикстандын башчыларынын тапшырмасынын негизинде жаңы жылга чейин бардык чек арадагы маселелер чечилди деп маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз",-деди Жапаров.

Баткен шаарында 22-28-октябрда эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу өткөн. Анда тараптар тактала элек тилкелерин андан ары баяндап жазуу маселелерин талкуулашкан.

Коңшу мамлекеттик Бустон шаарында 12-18-октябрдагы жолугушууда чек аранын 13,98 чакырымы макулдашылганы белгилүү болгон. Анын алдында тараптар 43,32 чакырымга тилкеге байланыштуу орток пикир тапканы айтылган.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар 16-октябрда Тажикстандын Бустон шаарында жолугушкан. Анда топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу бардык иштерди жандантуу тапшырмасы берилгени айтылган.

Ташиев менен Ятимов 2-октябрда да кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан. Анда бул документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болору айтылган. Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын кайсы жерлери такталганы тууралуу маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. Былтыр эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.

Дагы караңыз

АКШда Өкүлдөр палатасы Израилге гана жардам жөнөтүүнү колдоду ЮСАИД Кыргызстандан Европага кашемир экспорттоого көмөктөштү Президент жакырчылыкты жоюуда эл аралык коомчулуктун колдоосу керек экенин айтты Келерки жылдагы ажылык сапарга Кыргызстанга 6060 орун бөлүндү Өкмөт бийик тоолуу, шарты катаал айылдардын тизмесин өзгөртөтИзраил Газа шаарын толук курчоого алганын билдирди