Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүйдүн Сокулук районундагы Биринчи Май айылында колу-буту байланып, көчөдө табылган өспүрүм кыздын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ал кыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу жана күнөөлүү тараптарды аныктап, кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн баардык зарыл болгон чараларды кабыл алуу талабы менен мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылат.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабыркаган кыздан кабар алышты. Өспүрүмдүн апасы аталган кылмыш тууралуу айтып берген.
"Кыздын апасынын айтымында, анын колу-буту байланып, ич кийими чечилген абалдагы кызын кошуналары табышкан. Кошуна аял көчөдө колу-буту байланып жүзтөмөн жаткан кызды көргөн. Кичинекей кыздын оозуна чүпүрөк тыгылган. Улгайган аял кыздын тамырын кармап көрүп, оозундагы тыгынды алып салган. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакыртышкан", - деп айтылат маалыматта.
Кыздын апасынын айтымында, ал үйүнөн таштанды төгүп келгени чыгып, жолдо турган жигиттерден байкесин көргөн-көрбөгөнүн сураган. Кыз артына бурулуп бара жатканда кимдир-бирөө аны башка чапканда эсин жоготкон.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 24-октябрда болгон. Көчөдө өспүрүм кыздын колу-буту байланган абалда жатканын көргөн кошуналары милицияга кабар берген.
Окуяны Сокулук райондук милициясы каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаганын кабарлаган. Облустук милициянын 1-ноябрдагы маалыматында айтылгандай, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголгон.
Милиция өспүрүм кызды мындай абалга ким алып келгени тууралуу маалымат бере элек.
Өспүрүм кыздын жакындары бул ишке тиешеси бар адамдар кармала электигин, тергөө адилеттүү жүрбөй жатканын айтып чыгышкан.
Акыйкатчы институтунун маалыматында былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздө экени кабарлаган.
ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулукка кабылып келет. (КЕ)