Алматыдагы жабык жайда кармалып жаткан якутиялык активист Айхал Аммосов жана орусиялык жаран Наталья Нарская башкалка сураган адамдардын күбөлүгүн алышты. Бул тууралуу алардын адвокаты Мурад Адамов кабарлаганын «Азаттыктын» казак кызматы жазды. Адвокаттын Фейсбуктагы маалыматына ылайык, андай макам Орусияга экстрадициялоо чечимин азырынча кабыл алууга жол бербейт. Адамов прокуратуранын аймактык органдарына тиешелүү маалымат берилгенин кошумчалады.
29 жаштагы музыкант Наталья Нарская Орусиядан Казакстанга эмиграция жасаган. «Новая газета Европа» гезити 5-октябрда жазгандай, мекенинде ага согушка жана орус армиясына каршы сөздөрү үчүн «экстремизмге үндөө» беренеси менен иш козголгон. Нарская Казакстанда кармалган.
Сентябрда «Важные истории» сайты анын жакындарына шилтеме жасап, Нарская согуш башталганда Люберцы шаарынын администрациясына жолдогон катта согушту айыптаганын маалымдаган. Ошондон кийин жергиликтүү депутаттар полицияга арыз берген.
Ал эми Аммосовго каршы Орусияда «орус армиясын дискредитациялоо» жана «терроризмди актоо» беренелери менен иштер козголгон. Ал дагы Украинага басып кирүүгө каршы пикирин жарыя айтып келген. Активистти 9-октябрда Алматыда кармап, тергөө абагына киргизишкен.
Адвокаттар орусиялыктарга тагылып жаткан айыптар ойдон чыгарылганын, башкалка берүүгө «бардык мыйзамдуу негиздер бар экенин» айтышат.
Буга чейин Волгограддагы аскер бөлүгүнөн Казакстанга качкан жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн деп соттолгон Игорь Санжиев аттуу орус жаранынын качкын макамын алуу аракетинен майнап чыккан эмес.
Былтыр жыл аягында Казакстан Орусиядагы мобилизациядан качкан Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилиндин да башпаанек алуу өтүнүчүн канаатандырган эмес. Депортациядан кийин аны быйыл жазында Барнаул гарнизонунун аскер соту алты жарым жылга кести.
Дагы караңыз
ЖМК абалын талкуулаган жыйын өттүТашиев Матраимов кланы "саясатка таасир этпей турганын" билдирдиТоктонасыровдун иши: "Орускул" деген сөз үчүн оор берене