Ташиев Матраимов менен Көлбаевге байланышкан 202 мамкызматкер иштен алынганын айтты

Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып, 2 миллиард сом мамлекетке төлөп берген Райымбек Матраимов жана 4-октябрдагы атайын операцияда өлтүрүлгөн кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталганКамчы Көлбаев менен байланышы бар 202 мамлекеттик кызматкер иштен алынганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда айтты.

УКМКнын Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып атайын кызматтын башчысы “мындан ары Кыргызстанда Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбой турганын”, учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын билдирди.

“Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон 92 мамлекеттик кызматкерди аныктадык. Көлбаевге байланыштуу болгон 60 кызматкерди аныктадык. Андан тышкары бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип, 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат” - деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы учурда Матраимов кайда экенин айткан жок.

4-октябрдагы атайын операциядан кийин Матраимов УКМКда сурак бергени маалым болгон.

2021-жылы УКМК Матраимов бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөн деп айыптап, сот ага 260 миң сом айыппул чегерген.

Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМК 4-октябрда Бишкекте Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Атайын кызмат буга улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын билдирген.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган. (RK)

Дагы караңыз

Атазов мандатынан ажырайбы? Абак күндөлүгү: Аң-сезимдеги тордон бошонсок, аттиң...Базардагы "медицина": кир клиника, күмөндүү дарылар