Ташиев Матраимов кланы "саясатка таасир этпей турганын" билдирди

Райымбек Матраимов. Архивдик сүрөт.

2-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда ири коррупциялык система түзгөнү үчүн соттолгон Райымбек Матраимов боюнча билдирүү жасап, анын "кланы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук кылбайт" деп белгиледи:

“Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей гана “Матиз” машинаны минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же биздин ички саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек”.

Ташиев учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын кошумчалады.

Атайын кызматтын башчысы учурда Матраимов кайда экенин айткан жок.

4-октябрдагы атайын операцияда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов УКМКда сурак бергени маалым болгон.

2021-жылы УКМК Матраимов бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөн деп айыптап, сот ага 260 миң сомдук айыппул чегерген.

Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган.

2020-жылы декабрда АКШ Матраимовго санкция салган. (RK)

Дагы караңыз

Атазов мандатынан ажырайбы? Абак күндөлүгү: Аң-сезимдеги тордон бошонсок, аттиң..."Кыздын колу-бутун балдар таңган". Бир үй-бүлөнү кыйнаган окуя